super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкек мэри Денис Петрашов менен машыктыруучусуна сыйлыктарды тапшырды

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев белгилүү кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов жана анын машыктыруучусу Евгений Петрашов менен жолукту. Бул тууралуу калаа бийлиги билдирди.

Маалымдагандай, шаар башчысы спортчуну эл аралык аренадагы жетишкендиктери менен куттуктап, спорттук карьерасында жаңы ийгиликтерди каалап, машыктыруучусуна чемпионду жогорку деңгээлде даярдаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Шаарыбызда сиздер сыяктуу спортчулардын болушу абдан маанилүү. Бүгүнкү күндө биз спорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча чоң аракеттерди көрүп жатабыз. Мэриянын негизги багыты – жаш таланттарды колдоо жана өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды жана заманбап базаны түзүү",- деди Жунушалиев.

Машыктыруучу Евгений Петрашовго мэриянын Ардак грамотасы тапшырылса, Денис Петрашовго мэриянын баалуу кол сааты тартууланды.

Денис Петрашовдун акыркы жетишкендиктери:

  • 2025-жылдагы дүйнө чемпиондугунда (Сингапур) коло медаль;
  • TYR Pro Swim Series (АКШ, Флорида) мелдешинде үч алтын медаль;
  • АКШдагы (Сакраменто) экинчи наамы жана алтын медаль;
  • 2025-жылдагы Универсиадада (Германия) алтын медаль.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: