Тажикстанда көзү ачык менен сыйкырчыларга кайрылгандар жазаланат
Тажикстанда сыйкырчылардын, көзү ачыктардын кызматын пайдаланган жарандарга 50дөн 60ка чейин эсептик көрсөткүчтө (3750 сомониден 4500 сомониге чейин) айып салынат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Акыркы бир жылда Тажикстанда көзү ачык жана сыйкырчыларга барган жарандар менен күрөш күчөдү. 2024-жылдын жай айларында Тажикстандын ИИМи мындай кызматтарды пайдаланган адамдар милиция органдарына чакыртылып, алардын сүрөттөрү жана аты-жөнү атайын маалымат базасына киргизилерин билдирген.
Бийлик өкүлдөрү бул чаранын максаты эл арасындагы ырым-жырымдарга ишенүүнү жана сыйкырчылар менен көзү ачыктардын кызматтарын пайдаланууну азайтуу экенин билдиришкен. Анткени кээ бир жарандар ушундай кызматтарды колдонуу аркылуу сыйкырчылык менен магиянын жайылышына себепчи болууда.
Бул кызматтарга кайрылган жана ИИМге чакыртылган адамдардын так саны азырынча белгисиз.
2024-жылы сыйкырчылык жана көзү ачыктык менен алектенгендерге карата чаралар да күчөтүлгөн. Аларга айыппул салынып же 15 суткага чейин камакка алуу чарасы да кошулган.
Ошондой эле Тажикстандын мыйзамына ылайык, эгер адам сыйкырчылык же көзү ачыктык менен административдик жаза колдонулгандан кийин 1 жыл ичинде кайрадан алектенсе, анда ага 1500дөн 2000гө чейинки эсептик көрсөткүчтө айып салынышы же 1 жылдан 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Мурда мындай иш-аракеттер үчүн болгону административдик жоопкерчилик каралган болчу.
