Кара-Суу шаарындагы “Манас” стадионунун курулушу аяктап калды (фото)
Кечээ, 25-августта Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев Кара-Суу районуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу шаарында курулуп жаткан “Манас” стадионунда болуп, жүрүп жаткан курулуш иштери менен жеринде таанышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда эл аралык талаптарга жооп берген заманбап стадиондун курулушу 90 пайызга аяктап, негизги конструкциялар жана футбол талаасы даяр болгон. Стадион 5000 орунга ылайыкталып, үстү жабылат. Мындан тышкары, стадион түнкү жарыктандыруу, заманбап жуунучу жана кийим алмаштыруучу жайлар, чуркоо тилкеси менен камсыз болот.
Облустун башчысы Элчибек Жантаев стадиондогу иштер менен таанышып, подрядчы уюмдарга жана жергиликтүү жетекчилерге бардык курулуш иштерин долбоорго ылайык толук бүтүрүү тапшырмасын берип, стадионду ишке берүү, салтанаттуу ачылышына карата даярдык көрүү иштерин талкуулады.
Белгилей кетсек, “Манас” стадионунун курулушуна жалпысынан 274 миллион сом каралган. Бул каражат жергиликтүү бюджеттен, Ош облусунун өнүктүрүү фондунан жана Кыргыз футбол биримдиги тарабынан бөлүнгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















