super.kg logo

Маданият министрлиги тарабынан мамлекетке 27 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды

 

Президенттин фондунан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине бөлүнгөн 300 миллион сомдун сарпталышынын мыйзамдуулугу текшерилди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында 7,6 миллион сом акча каражаты министрлик тарабынан максатсыз жумшалгандыгы, Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан мониторинг жүргүзүлбөй 6,2 миллион сомдук спорт шаймандары кымбат баада алынгандыгы, министрликке караштуу "Кыргыз Маданият Сервис" мамлекеттик ишканасы тарабынан фонддун эсебинен сатылып алынган 13,2 миллион сомдук материалдык баалуулуктар жана техникалык жабдуулар негизсиз жок кылынгандыгы аныкталган.

Натыйжада мамлекетке жалпы 27 миллион 127 миң 820 сом зыян келтирилген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: