super.kg logo

Орусияда кичинекей кыз таштарды жутуп алды 

 

Орусиянын Владивосток шаарында облустук балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлери таштарды жутуп алган кызга операция жасап, өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Бала бакчанын тарбиячысы кыз сейилдеп жүрүп ташты жутуп алганын байкаган. Алгач ата-эне баланын абалынан эч кандай өзгөрүүнү байкашпайт, бирок көп өтпөй анын жөтөлү күчөп, ооруканага жеткирилген.

Дарыгерлер трахеядан таш таап, аны ийгиликтүү алып чыгышкан. Кошумча текшерүү учурунда дем алуу жолдорунда дагы бир нече майда таштар бар экени аныкталган, жалпысынан дарыгерлер төрт ташты алып чыгышкан.

Дарыгерлер кызыл өңгөчкө тыгылып калган кичинекей нерсе дагы чоң зыянга алып келиши мүмкүн экенин баса белгилешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: