Жалал-Абадда жума намаз учурунда экстремисттик уюмдун мүчөлөрү өз идеологияларынан баш тартышты
"Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларындагы жана Сузак районундагы мүчөлөрү жума намаз учурунда экстремисттик идеологиядан эл алдында баш тартышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-августта уюмдун буга чейин соттолгон 16 мүчөсү өздөрүнүн мурда тандап алган диний агымдардын туура эместигин моюндашып, жарандарды "Хизбут-Тахрир" жана башка диний-экстремисттик уюмдардын мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышты.
Атайын кызмат алар мурда жергиликтүү тургундардын арасынан жаңы тарапташтарды тартууну көздөп, экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында өздөрү жашаган аймактарда жума сайын жашыруун түрдө диний сабактарды өткөрүп келишкенин белгиледи. Былтыр декабрь айында алар кармалышып, быйыл май айында аларга карата соттук айыптоо өкүмдөрү чыгып, айып пулдар салынган.
УКМК



