"Кыргыз темир жолдун" кызматкери туристти сөккөнү үчүн кызматынан алынды (видео)
Социалдык тармактарда поезддин Бишкек-Балыкчы каттамы менен бара жаткан чет өлкөлүктү сөккөн кызматкердин видеосу тарады.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы фактыны тастыктап, окуя 8-августта болгонун билдирди. Ишкана коштоочу Максат Рахматовго кызматтык этиканы сактабай, орой мамиле кылгандыгы үчүн катуу сөгүш берилгенин жана ээлеген кызматынан бошотулганын белгилеп, анын кечирим сураган видеосун жарыялады.
26.08.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:16
2025-08-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.