Маданият министрлиги кылмыш иши козголгон акча боюнча билдирүү жасады
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги козголгон кылмыш иши боюнча айтылган сумма 2023-жылы которулганын билдирди.
Министрлик ачыктыктын, айкындуулуктун жана мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөнүн принциптерин бекем карманарын белгилеп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө укук коргоо органдарына толук көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин маалымдады.
Буга чейин Башкы прокуратура президенттин фондунан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине бөлүнгөн 300 миллион сомдун сарпталышынын мыйзамдуулугу текшерилгенин кабарлаган.
Анда 7,6 миллион сом акча каражаты министрлик тарабынан максатсыз жумшалгандыгы, Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан мониторинг жүргүзүлбөй 6,2 миллион сомдук спорт шаймандары кымбат баада алынгандыгы, министрликке караштуу "Кыргыз Маданият Сервис" мамлекеттик ишканасы тарабынан фонддун эсебинен сатылып алынган 13,2 миллион сомдук материалдык баалуулуктар жана техникалык жабдуулар негизсиз жок кылынгандыгы аныкталганы айтылат. Натыйжада мамлекетке жалпы 27 миллион 127 миң 820 сом зыян келтирилгени тастыкталган.




