super.kg logo

Илон Маск Apple жана OpenAI компанияларын сотко берди

 

Илон Масктын X жана xAI компаниялары 25-августта Техас штатынын сотуна OpenAI жана Apple компанияларына каршы доо арыз менен кайрылышты. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги маалымдады.

Арызда Масктын жактоочулары Apple менен OpenAIнин ортосундагы эксклюзивдүү келишим ChatGPTни iPhone'дорго жападан жалгыз интеграцияланган чат-бот кылып койгонун айтышкан. Алардын айтуусунда, бул чечим атаандаштыкты басып, жасалма интеллект тармагындагы инновацияларды жайлатат.

Масктын компаниялары мунун ордун толтуруш үчүн миллиарддаган доллар компенсация талап кылышкан.

OpenAI'дын өкүлү мындай арызды Илон Масктын «туруктуу каралоочу тактикасынын» бир бөлүгү деп атады. Ал эми Apple бул боюнча комментарий берген жок.

Белгилей кетсек, Apple 2024-жылы OpenAI менен келишим түзүп, ChatGPTни Apple Intelligence деп аталган жасалма интеллект системасына кошкон. Бул система iOS 18 операциялык тутумуна интеграцияланган. Бирок Apple компаниясынын улук вице-президенти Эдди Кью 2025-жылдын май айында бул келишим эксклюзивдүү эмес экенин айткан. Анын айтымында, колдонуучулар жасалма интеллекттин кызматтарын да кошо алышат.

11-августта Маск соцтармактагы X баракчасында Apple монополиялык мыйзамдарды бузуп жатат деп билдирген. Анын айтымында, OpenAI'дан башка бир да жасалма интеллект компаниясы App Store'до биринчи орунга жете албайт.

Эскерте кетсек, Илон Масктын xAI компаниясы өзүнүн Grok аттуу чат-ботун иштеп чыгууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: