Сентябрдан тарта Караколго Алматыдан автобус каттай баштайт
Сентябрдан тартып “Кеген” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу эл аралык маанидеги Каракол-Алматы-Каракол автобустук каттамы ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
"Эми үстүбүздөгү жылдын сентябрынан баштап союз маалында каттап, эгемендүүлүк жылдары ар кыл себеп менен токтоп калган эл аралык маанидеги Каракол-Алматы-Каракол автобустук каттамы жанданат.
Аталган каттам жыл бою иштемекчи.
Учурда Кыргызстандын транспорт министрлиги казакстандык кесиптештери менен белгиленген автобус каттамын жандантуу боюнча тиешелүү иш алып барууда",- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин маалымдалгандай, 25-августтан тартып “Каркыра-Унаажол” көзөмөл өткөрмө пункту күнү-түнү иштей баштады.
Бул чечим эки өлкө лидери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин макулдашууларынын жыйынтыгы менен кабыл алынган.

