Орусиядагы мектептерде кыргыз тилин окуу системасына киргизүүгө мүмкүн




Орусияда жашаган кыргыздар балдары окуган мектепке арыз жазып, кыргыз тилин окуу системасына киргизүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта АНО "Евразия" уюмунун координациялык кеңешинин төрайымы жана Орусия Мамлекеттик Думасынын депутаты Алена Аршинова билдирди.
Анын айтымында, Орусияда жашаган элдердин эне тилин билүү укугу тууралуу 2018-жылы кабыл алынган мыйзамдын 273-бөлүмүндө жазылган.
Ал кыргыз тили Орусиядагы мектептердеги окуу системасына кирүү үчүн ата-энелер тарабынан канча арыз жазылуу керектигин, балдары окуган мектеп чечерин айтты.
Ошондой эле Аршинова, Орусия менен Кыргызстан азыр Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) башкы кыймылдаткыч күчү болуп калганын белгиледи.
Ал эки өлкө ортосундагы соода көлөмү көбөйүп, каржылык байланыштар бекемделип, билим берүү тармагында да кызматташуу күч алып жатканын кошумчалады.
"Биз биргеликте кызматташуунун мыкты үлгүсүн көрсөтө алабыз. Коркпошубуз керек, болгону ишти жасоо зарыл", – деди ал.
