«Бакай Банк» туруктуу өнүгүү аркылууБорбор Азиядагы ESGалдыңкылардын бири: Тимур Ибрагимов менен маек
Бакай Банк Борбор Азияда ESG боюнчаалдыңкылардын катарына кантип кирди — банктын Директорлор кеңешинин төрагасыТимур Ибрагимов менен маек.
2025-жылдын август айында «Бакай Банк» биринчи жолу Туруктуу өнүгүү боюнча отчетун жарыялады. Кыргызстан үчүн бул окуя уникалдуу: банк өлкөдө финансылык жыйынтыктарды гана эмес, өз ишмердүүлүгүнүн экономикага, коомго жана экологияга тийгизген таасирин кеңири баяндады. Ошол эле айда «Бакай Банк» Кыргызстандагы биринчилерден болуп эл аралык S&P Global агенттигинен Корпоративдик туруктуулукту баалоо боюнча дебюттук ESG (Environmental, Social, Governance) скорингин алды. Натыйжасы боюнча банк туруктуу өнүгүү боюнча алдыңкылардын катарына кирди, бул жөн гана Борбор Азиянын банктарынын арасында эмес, эл аралык деңгээлде да таанылды. Банктын ESG ыкмалары эмнеде, жашыл насыялар жана санариптештирүү рынокту кантип өзгөртүп жатканы, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр эмне үчүн «Бакай Банкка» ишенерин банктын Директорлор кеңешинин төрагасы Тимур Сергеевич Ибрагимов айтып берди.
— Тимур Сергеевич, S&P Global Corporate Sustainability Assessment эл аралык скорингинин жыйынтыктарын кандай баалайсыз, анын натыйжасында банк биринчи эле рейтинг жылы Борбор Азиянын банк секторунда туруктуу өнүгүү боюнча алдыңкылардын катарына бекем орноду? Эмне түрткү менен «Бакай Банктын» биринчи Туруктуу өнүгүү отчетун жарыялоо чечими кабыл алынды?
— S&P Global CSAнын биринчи эл аралык ESG скоринги — бул биз системалуу жана пландуу даярданган маанилүү этап. Биз «Бакай Банк» дүйнөлүк банк тармагынын орточо көрсөткүчү 35 балл болгон глобалдык рейтингде 57 балл алганыбыз менен сыймыктанабыз. Бул бизге туруктуу өнүгүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы банктардын 15%ынын катарына кирүүгө жол ачты. Айрыкча, банк тобокелдиктерди башкаруу жана ишкердик этика багытында жогорку баа алганын белгилегим келет. Мындай эл аралык, көз карандысыз таануу биздин аракеттерибизди ESG жана туруктуу өнүгүүнүн алдыңкы тажрыйбалары боюнча туура багытта бара жатканыбызды ырастайт. Эл аралык ESG рейтингине ээ болуу — ар бир алдыңкы жана амбициялуу бизнес үчүн маанилүү, инвестициялык жагымдуулукка таасир этет. Ошондуктан биз GRI эл аралык стандарттарына жана TCFD климаттык сунуштарына ылайык даярдалган биринчи корпоративдик Туруктуу өнүгүү отчетун жарыяладык. Жыл сайын финансылык эмес отчеттуулукка өтүү — киреше менен жоопкерчиликти айкалыштырган, экономикада, коомдо жана айлана-чөйрөдө бизнес позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасоого мүмкүнчүлүк берген банк моделин куруу максатында. Бул жыйынтыктар өзгөчө баалуу, анткени алар жекече демилгелерди эмес, системалуу мамилени чагылдырат: корпоративдик башкаруудан жана тобокелдиктерди башкаруудан тартып, жашыл насыяларды кеңейтүүгө жана санариптик кызматтарга чейин. S&P скоринги — биздин ESG чөйрөсүндөгү ишибиздин глобалдык комплекстүү баасы, ал эми Туруктуу өнүгүү отчетунун жарыяланышы — баштапкы чекит жана андан ары өнүгүүгө, ачык-айкындуулукту жогорулатууга, өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдөөгө жана туруктуу өсүш үчүн шарт түзүүгө түрткү.
— ESG банктын стратегиясына кандайчакиргизилген жана бул жерде Директорлоркеңеши кандай роль ойнойт?
— Банк ESG жана туруктуу өнүгүүнү узакмөөнөттүү жана системалуу артыкчылык катары карайт. ESG — пиар-демилге же бир жолкудолбоор эмес, банктын ДНКсынын жанакорпоративдик философиясынын ажырагыс бөлүгү. Бул мамиле өз жемишин берип жатат: «Бакай Банк» 1 миллиондон ашык кардарды тейлейт, өлкөнүналдыңкы универсалдуу банктарынын катарынакирет жана системалуу маанилүү оюнчу катары таанылган. 2024-жылдын аягына карата банктынактивдери 91 миллиард сомго жетти, бул сектордунжалпы активдеринин болжол менен 11%ын түзөт. Максатыбыз — финансылык көрсөткүчтөрдү, натыйжалуу корпоративдик башкарууну, технологиялык өзгөрүүлөрдү, тобокелдиктердибашкарууну жана кызыкчылыктардын баарын эске алган туруктуу жана алдын ала божомолдоого болотурган бизнес моделин камсыз кылуу. Банктанасыядан тартып экологиялык тобокелдиктергечейинки комплекстүү тобокелдиктерди башкаруусистемасы иштейт. Макроэкономикалык, геосаясий, климаттык факторлорду жана ESG чөйрөсүндөгү жөнгө салуулардын катаалдашуусунэске алабыз, бул банкка стресс сценарийлеринде да туруктуулукту сактоого мүмкүндүк берет. Директорлор кеңеши — стратегиялык чечимдердикабыл алуунун борбору. ESG жана туруктуу өнүгүүкүн тартибине жогорку деңгээлде катышуусу жана«жогорудан тон коюу» принциби — бул багыттаолуттуу корпоративдик ийгиликтерге жетишүүнүначкычы.
— «Бакай Банктын» БУУнун Глобалдыккелишимине кошулуусу эмнени билдирет жанаэл аралык өнөктөштүктөрдү өнүктүрүүгөкандайча жардам берет?
— Биз БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын жанаклиматтык күн тартибин бизнес практикабызгаинтеграциялайбыз. 2025-жылы биз туруктуу өнүгүүчөйрөсүндөгү эң маанилүү эл аралык бизнес бирикмеси катары БУУнун Глобалдык келишиминекошулдук. Ага катышуу узак мөөнөттүү өсүштүнжана глобалдык биргелешкен демилгелердин жаңымүмкүнчүлүктөрүн ачат, ESG потенциалыбыздыбекемдейт. «Бакай Банк» БУУнун Туруктууөнүгүүнүн 17 максатын колдойт, өзгөчө жетибагытка басым жасоо менен: сапаттуу билим берүү, гендердик теңчилик, татыктуу жумуш жанаэкономикалык өсүш, туруктуу инфраструктура жана инновациялар, климат, күчтүү институттаржана өнөктөштүк.
— «Бакай Банк» Кыргызстанда туруктуукаржылоонун борбору катары өзүнпозициялоого ниеттенүүдө. Учурда кандай«жашыл» жана социалдык продуктылар иштепжатат жана мындан ары эмнелердипландаштыруудасыздар?
— Республиканын банк секторунунфлагмандарынын бири катары биз «жашыл» жанасоциалдык долбоорлорду каржылоонун көлөмүнкөбөйтүүгө, жогорку оң социалдык, экологиялыкжана климаттык таасир көрсөткөн карызалуучулардын санын көбөйтүүгө умтулабыз. «Жашыл» насыя берүү чөйрөсүндө өсүүнүнпотенциалын көрүп жатабыз жана Кыргызстандаулуттук жашыл таксономиянын кабыл алынышынэске алуу менен насыя портфелин көбөйтүүнүпландаштыруудабыз.
— Санариптик трансформация банктынтуруктуу өнүгүүсүнө кандай таасир этет?
— Санариптештирүү — туруктуулуктун күчтүүкыймылдаткычы. Ал кызматтарды жеткиликтүүкылат жана финансылык, социалдык инклюзияныкүчөтөт. 2024-жылы биз санариптикэкосистемабызды кеңейттик: BakAi тиркемесинжаңырттык, BakAi Business ишке киргиздик, ошондой эле Visa сыйлыгы менен белгиленгенпроцессинг борборубузга өттүк. Жылдын аягынакарата BakAi тиркемесин 800 миңден ашык адам, ал эми BakAi Businessти 15 миң ишкер жанакомпания колдонду.
Санариптештирүү бизнес-процесстерди жанаэлектрондук документ жүгүртүүнү жеңилдетүү гана эмес, парник газдарынын бөлүнүп чыгышынкыскартууга жана айлана-чөйрөгө зыян таасириназайтууга мүмкүндүк берет. Банк 2024-жылы санариптештирүүгө болжол менен 825 миллион сом инвестиция салды. Ошол эле учурдакардарлардын кеңири чөйрөсүн камтуу жанафинансылык инклюзияны камсыз кылуу үчүнонлайн чечимдерди филиалдык тармак мененайкалыштырган phygital моделин сактап келебиз.
— Банкка активдүү өсүү учурунда жогоркусапат жана коопсуздук деңгээлин сактоого эмнежардам берет?
— 2024-жылы кардарлардын канааттануу индекси(CSAT) 71%ды түздү. Отчеттук мезгилде банктамаалыматтык коопсуздук, маалыматтардын тарапкетиши же мыйзам бузуулар боюнча окуя катталганжок. Ачык-айкындуулук, күчтүү комплаенс жанакоррупцияга нөлдүк сабырдуулук — негизгипринциптерибиз. Банк финансылык кылмыштаргаактивдүү каршы турат, кардарларды комплекстүүтекшерет, операцияларды көзөмөлдөйт жанакызматкерлерди үзгүлтүксүз окутат.
— Банктын социалдык жана кадрдык саясаты жөнүндө айтып берсеңиз: сиздер үчүн эмне артыкчылыктуу?
— Биздин негизги капиталыбыз — адамдар. 2024-жылы банкта 2029 кызматкер иштеди, алардын67,3%ы аялдар. Биз кесиптештер үчүн татыктууэмгек шарттарын, тең укуктуу эмгек акы жанасоциалдык жеңилдиктерди камсыз кылууга аракеткылабыз. Кесипкөй өсүш жана потенциалдыөнүктүрүү колдоого алынат, узак мөөнөттүү эмгекмамилелер кубатталат. Кызматкерлердин ишкетартылуу деңгээли 76,1%ды түздү.
Банк күчтүү кайрымдуулук маданияты мененайырмаланат. Социалдык жоопкерчиликтүүбизнес катары, 2024-жылы «Жакшылык кыл!» акциясын ишке киргизип, коомдук маанилүүдемилгелер үчүн 5 миллион сом бөлдү. Мындантышкары, спортту, билим берүү жанаэкологиялык демилгелерди колдойт, мисалыBakai Bank Jaz Demi массалык чуркоолору, Business Case 2024 хакатону жана «Тазалык» компаниясы менен өнөктөштүк аркылуу. Албетте, биз пенсионерлер, балдар жана өзгөчөмуктаждыктары бар кардарлар үчүн атайынпродуктылар менен камсыз кылууну унутпайбыз, финансылык кызматтардынжеткиликтүүлүгүн жана коопсуздугун камсызкылабыз.
— ESG багыты боюнча банк кандай экологиялык долбоорлорду ишке ашырды?
— Биз экологиялык жоопкерчилик чөйрөсүндөгү демилгелерди кубануу менен ишке ашырабыз. «Бакай Банк» финансы секторунда парник газдарынын эмиссиясын жыл сайын баалоону киргизген жана климаттык тобокелдиктерди баалоону жүргүзгөн алгачкылардын бири болду. «Жашыл» кеңсе практикасын колдонуу, санариптик кызматтарды кеңейтүү жана жалпы экологиялык таасирди азайтуу бизге жагат. Банк карыз алуучулардын экологиялык тобокелдиктерин башкаруу системасын киргизди, кардарларды аз көмүртектүү экономикага өтүүгө колдоо көрсөтөт жана туруктуу каржылоо продуктуларынын линиясын иштеп чыкты.
— Үч же беш жылдан кийин банкты кандайэлестетесиз?
— Биз Кыргызстанда жана региондо ESG багытында лидерликти сактап, туруктуу өнүгүүнүнжана «жашыл» трансформациянынкыймылдаткычы бойдон калууну пландаштырабыз. Максаттарыбыз кеңири: Кыргызстандан чыкканбанк эл аралык деңгээлде ийгиликтүү атаандашып, жагымдуу инвестициялык жана финансылыкөнөктөш боло аларын көрсөтүү. Туруктуу өнүгүүбул жерде негизги ролду ойнойт. Биз туруктуукаржылоону кеңейтүүгө жана жергиликтүү, чет элдик компаниялар менен ESG кызматташтыгынактивдештирүүгө багытталганбыз, ошол эле учурдакардарлардын, өнөктөштөрдүн жанаинвесторлордун ишенимин сактап калабыз. Булмаксаттарга жете алаарыбызга ишенебиз.

