Максат Жумаев “Кыргызфильмдин” директору болуп дайындалды (өмүр баяны)
Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын директору болуп Максат Жумаев дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, жаңы жетекчини эмгек жамаатка маданият министри Мирбек Мамбеталиев тааныштырды.
Жумаев Максат 1985-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында туулган. Нарын мамлекеттик университетин “Автоматташтырылган маалыматтарды иштеп чыгуу жана башкаруу системдери” адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин “Asman cinema production” киностудиясында режиссёр, продюсер, сценарист;
- 2010–2016-жылдары “KG Club production” студиясында режиссёр, оператор-коюучу, сценарист;
- 2008–2010-жылдары “Открытая Азия»” программасында (Internews Network) оператор, монтажёр;
- 2007–2008-жылдары НТСте жаңылыктар бөлүмүндө оператор, монтажёр;
- 2005–2007-жылдары ТРК “Шанкай”, (Нарын шаарында) техникалык директор;
- 2002–2005-жылдары ТРК “Шанкай”, (Нарын шаарында) оператор, монтажёр.
Фильмографиясы:
- “Туман” (2012) — режиссёр, сценарист;
- “Гонщик таксист” (2013) — режиссёр;
- “Временный парень” (2014) — режиссёр;
- “Эне жүрөгү” (2016) — режиссёр;
- “Бажарики” (2017) — продюсер;
- “Бажарики 2” (2018) — продюсер;
- “Баары бир тууган” сериал (2019) — режиссёр, сценарист;
- “Доске” (2021) — режиссёр, сценарист;
- “Разбой” (2023) — режиссёр, сценарист;
- “Жаным” (2023) — режиссёр, сценарист;
- “Разбой — новая глава” (2023) — режиссёр, сценарист;
- “Террорист” (2024) — режиссёр, сценарист;
- “Участковый инспектор Марат” (2024) — режиссёр, сценарист.
Сыйлыктары:
- “Лица Евразии” конкурсу, Санкт-Петербург — оператордук иш үчүн сыйлыгы;
- Internews Network — “Умтулуу” сыйлыгы” ‐ “Кыргыз киносунун мыктысы” төш белгиси;
- “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси;
- Кыргыз Республикасынын ИИМинин “За содействие” медалы;
- Бишкек шаарынын мэринин Ардак грамотасы;
- Бишкек ШИИББинин Ардак грамотасы.
Буга чейин аталган кызматты Акжол Бекболотов аркалап келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:57
2025-08-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.