super.kg logo

Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү: Зеленский ортомчу боло турган өлкөлөрдү атады

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский акыркы маектеринин биринде Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү үчүн мүмкүн болгон аянтчалар катары Түркияны, Перс булуңундагы өлкөлөрдү жана Европаны атады.

"Бул жумада Түркия, Перс булуңунун өлкөлөрү менен байланыштар болот, ошондой эле орусиялыктар менен сүйлөшүүлөр үчүн аянтча боло ала турган европалык өлкөлөр менен да байланыштар болот. Биз тараптан согушту токтотууга даярдык эң жогорку деңгээлде болот. Бул үчүн өнөктөштөр бул даярдыгыбызды тастыктап беришсе, өтө маанилүү болмок",- деди Зеленский.

Мурунку маалыматтарда Түркия, Швейцария жана Венгрия сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө мүмкүн болгон өлкөлөр катары айтылган. Айрым басылмалардын маалыматына караганда, жакында Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Владимир Путин Зеленскийди Москвага чакырган, бирок Украинанын президенти бул сунуштан баш тарткан.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Зеленский менен Путиндин жолугушуусу азырынча болбой турганын билдирген. Бул жолугушууну өткөрүү үчүн согушту токтотуу боюнча айрым шарттар макулдашылышы керек экенин белгилеген. Москва тараптан келген билдирүүлөрдө кандайдыр бир жеңилдиктерге даярдык же талаптардан баш тартуу тууралуу сөз болгон эмес. Бул талаптар Украина үчүн кабыл алынгыс бойдон калууда.

"Орусия чыныгы сүйлөшүүлөрдөн качып жатканын гана көрсөтүүдө. Муну күчтүү санкциялар, жогорку тарифтер жана реалдуу басым гана өзгөртө алат",- деп билдирди Зеленский өз кайрылуусунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: