Жогорку Кеңештин имаратын оңдоо-түзөө иштери аяктап калды (видео)
Жогорку Кеңештин имаратын реконструкциялоо иштери жыйынтыктоо стадиясында турат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соцтармактагы баракчасына жазды.
"Өлкө башчысы Садыр Нуркожоевичтин демилгеси жана тапшырмасы менен мамлекеттик маанидеги имараттарды жаңылоо боюнча кеңири масштабдагы иштер жүргүзүлүп жатат. Бул аракеттердин алкагында тарыхый баалуулугу жогору болгон мурдагы “эски Ак үйдө” (азыркы Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратта) капиталдык оңдоо иштери аткарылды.
Бүгүн реконструкциядан кийинки абалы менен жеринен таанышып чыктым. Учурда иштер соңуна чыгып калды, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Бул имарат мезгил талабына жараша жаңыланып, бирок тарыхый өңүн сактоо менен улуттук мурастын уландысы катары келечек муундарга кызмат кылууга багыт алды. Иш башкармалыктын командасынын жасаган эмгеги",- деп берилет билдирүүдө.
27.08
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:32
2025-08-25
Рейтинг:
0

