super.kg logo

ӨКМ Дүйнөлүк банк менен өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча ири долбоорду ишке ашырат

 
Кечээ, 26-августта өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун жетекчилигинде Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууда министрдин биринчи орун басары өнөктөш делегаттардын иш сапары жана алардын буга чейинки көп жылдан берки ар тараптуу колдоолоруна ыраазычылык билдирип, өлкөнүн өзгөчө кырдаалдарга туруктуулугун жогорулатуу боюнча демилгелерди ишке ашыруу жаатында көрсөтүлгөн жардамдары өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө ӨКМ Дүйнөлүк банктын командасы менен биргеликте Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана алдын алуу максатында иштеп чыккан “Өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү долбоорун” (CERP) жана аны каржылоо механизмдерин талкуулап, бул демилгенин ишке ашышы менен кризисттик кырдаалдарды башкарууда жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачыларына ишеним артышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсү жана өлкөдө табигый кырсыктардын саны өсүп жаткан шартта аймактардын коопсуздугун коргоо үчүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу жаатында кызматташууну өнүктүрүү, өз ара мамилелерди чыңдоо учур талабы экенин кошумчалашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: