Бишкектин тургундары курулуш министрине ыраазычылык билдиришти
Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү 145 дарегиндеги көп кабатуу үйдүн тургундары курулуш министри Нурдан Орунтаевге ыраазычылык билдиришти.
Мекеме билдиргендей, 9 жылдан бери турак үйдүн документ иштери бүтпөй, мындан улам жашоочулар мүлктү өз атына каттай албай, кагаз иштеринде кыйынчылыктар жаралып келген.
Мындан эки ай мурда курулуш министри Нурдан Орунтаев аталган даректеги жашоочулар менен жолуккан. Министр бул маселени чечүү максатында тиешелүү мекемелерге тапшырма берип, уруксат берүүчү документтерди тез арада тариздөө тапшырмасын койгон эле.
Кечээ, 26-августта министрдин тапшырмасы менен аталган турак үйдүн жашоочулары тиешелүү документтерин алышты.
Белгилей кетсек, турак үй 2018-жылы “Премьер Констракшн” курулуш компаниясы тарабынан курулуп бүтүп, бирок расмий пайдаланууга берүү үчүн талап кылынган документтер толук таризделбей, компания тарабынан иш аягына чыкпай калган.
