ЦУМда iPhone телефондору жасалма жаңыланып турган. УКМК жарандарды кайрылууга чакырды











Бишкектеги ЦУМ соода борборунда iPhone үлгүсүндөгү телефондор колго жаңыланып жасалып келгени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат соода борборундагы Мостовой соода түйүндөрүнүн кызматкерлери телефон оңдоочу адистердин жардамы менен сыйымдуулугу 256ГБ болгон жаңы телефондорду ачып, тиешелүү микросхемаларын которуп, мобилдик аппараттардын сыйымдуулугун жасалма ыкмалар аркылуу 1ТБга көбөйтүп келишкенин белгиледи. Андан соң телефондор кутучаларга салынып, жаңы жана ачыла электей көрүнүшкө ээ болуу басмаканаларда жасалган фабрикалык чыптамалар менен оролуп турган.
Андан ары жасалма iPhone телефондору Мостовой дүкөндөр тармагында, ЦУМ жана ГУМ соода борборлорунда жайгашкан башка дүкөндөрдө жогорулатылган баада сатыкка чыгарылып келген.
УКМК андыктан Мостовой соода түйүндөрүнөн iPhone телефондорун сатып алган жарандарды iUnlocker сайты аркылуу жарыяланган заводдук мүнөздөмөсүнө шайкештигин текшерүүнү өтүнөт. Атайын кызмат эгер дал келбестиктер аныкталса, же өз алдынча текшерүү мүмкүн болбосо, 0 995 300 871 телефон номуруна кайрылууга чакырат.



