super.kg logo
  Спорт  

Дагестанда футболчулар жер титирөө убагында оюнду токтотушкан эмес

 

Интернет желесинде Дагестандын футболчулары жер титирөөгө карабастан оюнду улантышканы тартылган видео тарап жатат.

Сейсмологиялык борборунун (EMSC) маалыматы боюнча, Орусиянын жээгинде, Каспий деңизинин аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер титирөө Москва убактысы боюнча 23:33тө Дагестандын Дербент шаарынан 41 чакырым түндүк-батышта катталган.

Ошол эле учурда футболчулардын турнири жабык аянтчалардын биринде өтүп жаткан. Жергиликтүү "Магма" жана "Азерпетрол" командалары беттешкен.

Беттештин трансляциясы Магма чабуулга өткөн учурда футболчулардын бири силкинүүлөрдөн улам тең салмактуулукту жоготуп, чөпкө кулап түшкөнүн көрсөттү.

Комментатордун "жер титирөө" деп кыйкырганына карабай, оюнчулар оюнду уланткан. Оюн тең чыгуу менен аяктаган.






футбол

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: