Баткендеги кырдаал боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды
Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңеште Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал каралды. Жыйында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, вице-премьер-министр Токон Мамытов, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана башкалар кырдаалды турукташтыруу боюнча жүрүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат беришти.
Баткен облусунун чек ара аймагындагы абалды турукташтырууга карата натыйжалуу чараларды көрүүгө багытталган Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынып, өкмөткө, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.
Эске салсак, 11-январда Баткендин Ак-Сай айылына караштуу чек ара аймагында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда куралдуу жаңжал чыгып, кыргыз тараптан 6 жоокер жарадар болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

