Трамп Орусияны экономикалык согуш менен коркутту
АКШ президенти Дональд Трамп Орусия-Украина жаңжалы токтобой турган болсо, Орусияга каршы жаңы экономикалык санкцияларды киргизүүгө даяр экенин билдирди. Бирок Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, Трамп мындай кадамга барууну каалабайт.
"Мен экономика жөнүндө айтып жатам, анткени биз дүйнөлүк согушту баштай албайбыз. Бул экономикалык согуш болот, ал абдан жаман болот. Орусияга терс таасирин тийгизиши мүмкүн",- деди Трамп Вашингтондогу Кошмо Штаттардын өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуусунда.
АКШ лидери согуштун ар бир жумада миңдеген адамдардын өмүрүн алып жатканын кайрадан эске салды. "Эгер экономикалык чараларга барууга туура келсе, мен ойлогон нерсе өтө катуу болот. Бирок мен тынчтык каалайм",- деди ал.
Ошондой эле Трамп Украина президенти Зеленскийдин "күнөөсү жок" экенин белгиледи. "Танго үчүн эки адам керек. Мен дайыма айтып келем, Зеленскийди Владимир Путин менен бир жерге чогултуу керек",- деди АКШ президенти журналисттерге.
Дональд Трамп буга чейин да Орусияны Украинадагы жаңжалды токтотпой турган болсо, санкциялар менен кыйнай турганын айтып коркутуп келген. Бирок 15-августта Аляскада Путин менен жолугушуудан кийин Трамп тынчтык келишимине жетишүү үчүн дароо ок атышууну токтотуу талабынан баш тарткан.
