Бишкек мэри: "Бизге жашыл шаар тапшырылды, ал эртең ошол бойдон калышы керек"










26-августта "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын питомнигинде Бишкек мэриясынын шаарды жашылдандыруу жаатындагы ишин жаңы форматта чагылдыруу боюнча масштабдуу иш-чара өттү.
Иш-чарага экологиялык кеңештин мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, экоактивисттер, эковолонтерлор, коомдук экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер катышты.
"Бизге жашыл шаар тапшырылды жана ал эртең ошол бойдон калышы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Албетте, кандай гана иште болбосун кемчиликтер болот. Бул тууралуу айткандан коркпойбуз. Биргелешкен аракет менен көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн жолдорун табабыз деп ишенем",- деп баса белгиледи борбор калаа башчысы Айбек Жунушалиев.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Бишкекжашыл курулуш” ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу видеоролик тартууланды. Андан соң иш-чаранын коноктору үчүн питомникке экскурсия өткөрүлүп, анда адистер ишкананын жасаган иштери тууралуу так көрсөтүп, айтып беришти.
Соңунда иш-чаранын катышуучулары менен "Жашылдандыруу боюнча аткарылган иштер жана келечектүү пландар" деген темада талкуу жүрүп, анда Бишкек шаарынын мэри жана эксперттер ЖМК өкүлдөрүн жана блоггерлерди кызыктырган суроолорго жооп беришти.
Маалымдама: Борбор калаада жыл сайын 15 миңдей дарак отургузулат. Шаардык питомниктерде 45 миңден ашык көчөт өсөт: липа, клен, терек, эмен, кайың, арча жана башка түрлөрү, алар келечекте шаардын жашыл фондусуна кирет. Ишкананын балансында 248 миңге жакын бак бар. 2025-жылдын 7 айында 7 миңден ашуун дарак отургузулду. Борбор калаанын гүлзарларына жыл сайын 1,5 миллиондон ашык бир жылдык гүл отургузулат.
