Чаткалда мамлекетке 47 миллион сомдон ашык экологиялык зыян келтирилген факт аныкталды
Жалал-Абаддын Чаткал районунда экологиялык зыян келтирилген фактылар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Чаткал филиалынын жооптуу кызмат адамдары 8,5 гектар жайыт жерге токой чарбанын жоготууларын толтурбастан, "С.А." ЖЧКсына убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктү мыйзамсыз беришкен. Натыйжада мамлекетке 45,4 миллион сом зыян келтирилген.
Мындан тышкары "С.А." ЖЧКсы тарабынан жер тилкеге лагерди орнотууда 10,4 гектар аянттагы жердин түшүмдүү катмары бузулуп, экологияга келтирилген зыян 2,4 миллион сомду түзгөн.
Аталган фактылар боюнча Чаткал районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу), 306-беренеси (Жерди бузуу), 218-беренеси (Мыйзамсыз ишкердик) жана 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен иши козголуп, тергөө иштери уланууда.



