Тарыхта алгачкы ирет. Казакстандын "Кайрат" клубу УЕФА Чемпиондор Лигасынын негизги этабына өттү
Казакстандын "Кайрат" клубу УЕФА Чемпиондор Лигасынын 2025/2026-жылкы сезондогу плей-офф баскычында Шотландиянын атактуу "Селтик" командасын утуп, бул турнирдин негизги этабына тарыхта биринчи жолу жолдомо алды.
Буга чейин "Кайрат" европалык мелдештердин күзгү баскычына бир гана жолу, тагыраагы 2021/2022-жылкы сезондо катышкан. Ал кезде алар Чемпиондор Лигасынын биринчи айлампасында Израилдин "Маккаби" (Хайфа) клубун утуп, кийинки баскычта Сербиянын "Црвена Звездасынан" жеңилип калышкан. Андан кийин Европа Лигасында "Алашкерттен" жеңилип, Конференциялар Лигасынын плей-офф баскычында Люксембургдун "Фолус" клубун утушкан. Бирок топтук этапта төртүнчү орунду ээлеп, турнирден четтеп калышкан.
"Кайрат" клубу "Селтикти" жеңүү менен УЕФАнын байге фондунан кеминде 18 миллион 620 миң евро же 11,7 миллиард теңге каражат утуп алды. Мындан тышкары, негизги этаптагы ар бир утуш үчүн 2,1 миллион евро, тең чыгуу үчүн 750 миң евро кошумча сыйлык берилет. Эске салсак, казакстандык командалардын жылдык бюджети көбүнчө 4 миллиард теңгеден ашпайт.
Эми быйыл күзүндө башталып, 2026-жылдын кыш мезгилине чейин созула турган негизги этапта Казакстандын "Кайраты" Европанын эң күчтүү клубдары менен сегиз жолу оюн талаасына чыгат. Клубдун мүмкүн болуучу атаандаштардын катарында учурдагы чемпион "Пари Сен-Жермен" (Франция), дүйнөдөгү эң титулдуу клуб болгон "Реал Мадрид", Испания чемпиону "Барселона", ошондой эле Англиянын күчтүү командалары "Ливерпуль", "Манчестер Сити", "Арсенал" жана башка топ-клубдар болушу мүмкүн.
