super.kg logo

Садыр Жапаров "Кумтөр" мамлекетке алынганы канча киреше тапканын айтты

 

Бүгүн, 27-августта өлкө башчы Садыр Жапаров "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жер астынан алтын кенин казуу долбоорунун башталышына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анда мамлекет башчы ишкана 2021-жылдын май айынан бүгүнкү күнгө чейинки жалпы кирешеси 3 миллиард 445 миллион долларды түзгөнүн белгилеген.

"Өлкөнүн мамлекеттик бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө эле 891,6 миллион доллар төлөндү. Дээрлик 1 миллиард доллар. Бул мезгил ичинде жалпысынан 54 тоннадан ашуун алтын өндүрүлдү. Мурда Кумтөрдү чет өлкөлүк компания иштеткен 28 жыл ичинде үлүштүк киреше же дивиденд түрүндө болгону бизге 100 миллион доллар беришсе, мамлекетке өткөн 3 эле жылдан бери 441 миллион доллар дивиденд алдык.

Жакшылап көңүл бурсаңыздар. 28 жылда 100 миллион доллар дивиденд берген болсо, ал эми өзүбүз иштеткенден бери 3 эле жылда 441 млн доллар дивиденд алып жатабыз.

Эгер Кумтөрдү 2012-жылы эле алып койгонубузда андан бери 10 милларддан ашык доллар киреше өзүбүздө калмак.
Тилекке каршы, ошол кездеги сатылма, кыргыз мамлекетине душмандык кылган чиновниктердин, ошол мезгилдеги кайдыгер депутаттардын кесепетинен бул каражаттан кол жууп калдык. 10 миллиард доллар деген эмне деген акча?

Ошол акча өлкөбүздө калганда, эмдигиче эл оозунда айтылып келе жаткандай Орто-Азиянын Швейцариясына айланып калмакпыз. Кудай буюрса эми деле кеч эмес. Алдыда баары жакшы болот. Жер астынан алтын казуу долбоорунан тышкары, кен жайдагы калдыктарды, хвостохранилищаны кайра иштетип, анын алдындагы 100 тоннадан ашык алтынды ылгап алганы турабыз",- деген Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: