Президент "Кумтөр" кенинде алтынды жер астынан казуу иштери башталганын билдирди
Бүгүн, 27-августта өлкө башчы Садыр Жапаров "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жер астынан алтын кенин казуу долбоорунун башталышына арналган иш-чарага катышты. Анда мамлекет башчынын сүйлөгөн сөзүн президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Кумтөр алтын кени мамлекеттин менчигине кайтарылышы - Кыргызстандын жаңылануу мезгилиндеги өзгөчө маанилүү окуялардын бири болуп калды. Мындан туура 3 жыл мурун, 2022-жылы 23-августта Кумтөрдүн тагдыры Кыргызстан тарапка толук чечилип, 100 пайыз мамлекеттик ишкана деп жарыяланган. Ошол тарыхый өзгөчө датанын алдында, Кумтөрдө мына бүгүн дагы бир олуттуу окуя орун алууда.
Бүгүн Кумтөрдү жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштетүүдөгү ырааттуу стартегиялык иш-аракеттерибиздин орчундуу учуруна күбө болуудабыз. Кумтөр кенинде мындан ары алтынды жер астынан казуу иштерин расмий түрдө баштадык.
Кумтөрдө жер астынан алтын казуу долбоорунун ишке берилиши - бул айлана-чөйрөнү, бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган мөңгүлөрүбүздү сактап калуудагы эң маанилүү кадам. Негизи бул иш мындан 20 жыл мурун башталышы керек болчу. Бирок чет элдик компания алтынды жер астынан казгандан көрө, мурдакы бийлик жана коррупциялашкан чиновниктер менен жең ичинен сүйлөшө калып, алтын өндүрүүнү алда канча арзаныраак, жеңилирээк ыкмасын тандап алууну эп көрүп, баардык мөңгүлөрдү талкалашкан.
Тилекке каршы, мурдакы чиновниктер мамлекеттин эмес, жеке чөнтөктүн кызыкчылыгы үчүн мөңгүлөрдү садака чабышканы кара так болуп тарыхта калды. Айтылуу Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнүн дээрлик көп бөлүгүнөн кол жуудук. Бирок биз “Болоору болду, боёсу канды” деп бул абалга көз жумуп коё алган жокпуз. Кумтөр мамлекетке кайтарылган күнү дароо жер астынан алтын казуу долбоорун баштагыла деген тапшырманы койгом.
Мына минтип, биздин өзүбүздүн адистерибиздин күчү менен, өзүбүздүн аракетибиз менен Кумтөрдө жер астынан алгачкы рудалар казыла баштады. Бүгүнкү күндө жер астын көздөй 1600 метрдей жер көзөлүп, тунель жасалып,
курамы тоннасына 5 граммдан жогору болгон баалуу рудаларды алганы турабыз. Жер астынан алтын казуу долбоорунун иштөө мөөнөтү 17 жылга ыйлайыкталып, 147 тонна алтындын геологиялык запасы мамлекеттин балансына коюлду.
Баарынан дагы жер астынан алтын казуу долбоору бош тоо тектердин ченемсиз казылышына бөгөт коёт. Ачык карьердик ыкма менен казып алууда 1 тонна баалуу руданы алыш үчүн 60 тоннага чейин бош тоо текти казууга туура келет. Бул дүйнөлүк ченем менен алганда абдан көп. Албетте, Кумтөрдө жер асты менен бирге мурда казылып келген карьерлерден ачык ыкма менен дагы алтын өндүрүлө берет.
Бирок акырындык менен жер астынан алтын казуу долбооруна артыкчылык берилет. Буйруса, Кумтөрдүн келечеги алдыда дагы 40-50 жыл өлкө кызыкчылыгы үчүн, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей бермекчи",- деди Садыр Жапаров.
