super.kg logo

92 жаштагы италиялык атлет төрт жолу дүйнөлүк рекорд койду

 

92 жаштагы италиялык аял төрт жолу дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Италиялык Эмма Мария Мацзенга өзүнүн жаш курактык категориясында бир нече дүйнөлүк рекорд койгон жеңил атлет. The Washington Post басылмасынын маалыматына караганда, анын кардиореспиратордук чыдамкайлыгы 50 жаштагы адамдыкына тете, ал эми булчуңдарындагы митохондриялар 20 жаштагы адамдыкындай иштейт.

Италия жана АКШнын изилдөөчүлөрүнүн айтымында, мындай таасирдүү жетишкендиктерге Мацзенга активдүү жашоо образын кармануунун натыйжасында жетишкен. Ал жеңил атлетика менен 19 жашында машыга баштаган, 28 жашында спорттон кеткен, бирок 53 жашында кайрадан чуркай баштаган.

Бүгүнкү күндө Эмма күнүнө эки же үч жолу чуркайт, калган убакта сейилдейт. Ал 90 жаштан жогорку курактагы аялдар арасында 200 метрлик жарышта дүйнөлүк рекордду орноткон. Эмма бул аралыкты 50,47 секундда басып өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: