Президент Тоголок алтын кени иштетилерин айтты
Бүгүн, 27-августта өлкө башчы Садыр Жапаров "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жер астынан алтын кенин казуу долбоорунун башталышына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Мамлекет башчы "Кумтөр" мамлекетке алынганы тапкан кирешеге токтолуп, кендин эсебинен өлкөдө жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой Садыр Жапаров Тоголок кени да иштетиле турганын айтты.
"Тоголок кенин толук "Кумтөргө" өткөрүп бердик. Эми Тоголок алтын кенин дагы өздөштүрүү иштерин башташты.
Жангарт аянтындагы геологиялык чалгындоо жумуштуры дагы ийгиликтүү уланууда. Буйруса, Кумтөрдөгү, жалпы эле өлкөбүздүн тоо-кен тармагындагы өндүрүш жаңы нукка түштү жана элибиздин бакубат келечеги үчүн экономикалык эң чоң күч болуп берип жатат.
Мындан ары калган кен-байлыктарыбыздын баарын сөзсүз түрдө Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштетебиз. Инвесторлорго берген учурда дагы Кыргызстандын үлүшү жана кызыкчылыгы жетиштүү түрдө сакталыш керек. Мурдакыдай жеке кызыкчылык, чөнтөк кызыкчылык үчүн берип жиберген чиновниктер болсо жазасыз калбайсыңар. Эртеби-кечпи сөзсүз жоопко тартылышат. Айрыкча жаратылыш министрлиги менен геология тармагы эсиңерде болсун",- деди ал.
Маалымат үчүн:
Тоголок алтын кени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, Жангарт суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 3600–3900 метр бийиктикте жайгашкан. Алтын кени 1978-жылы табылган.

