super.kg logo

Кытайда мурдагы аткаминер пара алганы үчүн өлүм жазасына тартылды

 

Кытайда мурдагы аткаминер 316 миллион юань (тактап айтканда, болжол менен 45 миллион доллар) пара алганы үчүн өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Кытайдын Борбордук телеберүүсү (CCTV) кабарлагандай, Хайнань провинциясынын Элдик жыйындын туруктуу комитетинин мурдагы орун басары Лю Синтай 316 миллион юандан ашык пара алууга айыпталды.

Гуйлинь шаарынын соту белгилегендей, 2003-жылдан 2024-жылга чейин Лю Шаньдун жана Хайнань провинцияларында жооптуу кызматтарды ээлеп жүрүп, коммерциялык структураларга жана жеке адамдарга мамлекеттик контракттарды алуу, бизнес маселелери жана акча каражаттарын бөлүштүрүүдө мыйзамсыз жардам көрсөтүп келген.

Сот өкүмүндө Лю Синтайдын кылмыштары мамлекеттик кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтиргени белгиленет. Айыпталуучу күнөөсүн чын ыклас менен моюнга алып, тергөөчүлөр менен активдүү кызматташканы жана зыянды ыктыярдуу түрдө толук кайтарып бергени үчүн сот аны өлүм жазасына үч жылдык кечиктирүү менен тартууга өкүм чыгарды. Ошондой эле мүлкүн толук конфискациялоо тууралуу чечим чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: