Кара-Кулжада Калкты тейлөө борбору курулуп жатат
Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында үч кабаттуу Калкты тейлөө борборунун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Курулуш министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, учурда жер төлөнүн темир-бетон дубалдарынын курулушу аяктап, биринчи кабаттын колонналарына бетон куюлууда.
Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун жалпы наркы 150 миллион сомду түзөт. Объектти пайдаланууга берүү 2025-жылдын декабрь айына пландаштырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















