super.kg logo
  Саясат  

Курсан Асанов: "Баткенде элдин коопсуздугун камсыз кылууга чек арачылардын күчү жетет" (фото)

 
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жана Баткен ОИИББинин башчысы Анарбай Алимбеков жергиликтүү эл менен жолугушууда
Чек ара чатагынан кооптонуп турган жергиликтүү жашоочулар
Чек ара чатагынан кооптонуп турган жергиликтүү жашоочулар
Курсан Асанов айыл тургундары менен амандашууда
Курсан Асанов айыл тургундары менен амандашууда
Курсан Асанов айыл тургундары менен амандашууда

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жана Баткен ОИИББинин башчысы Анарбай Алимбеков бүгүн, 15-январда Баткендин Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай айыл өкмөттөрүнүн жашоочулары менен  жолугушту. Муну Баткен ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Курсан Асанов: “Силердин коопсуздугуңарды сактоого милиция жана чек ара кызматкерлеринин күчү толук жетет. Тажик Республикасынын коопсуздук кеңешинин катчысы Абдурахим Кахаров жана ал өлкөнүн ички иштер министринин орун басары И.Раджабов менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Тажик тарап да бул аймактардагы эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди турукташтырууга кызыкдар экендигин билдирүүдө. Силерден сураныч, чагымчыл аракеттерге алдырбай, өз үйлөрүңөрдө жашай бергиле”,- деди. 

Баткендеги кырдаалды президент Алмазбек Атамбаев да катуу көзөмөлгө алып, тийиштүү кызматтарга тапшырмаларды бергенин билдирди. 

“Бүгүнкү күндө Баткен районундагы чек ара аймагында абал туруктуу”,- деп билдирет ОИИББинин маалымат кызматы.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: