Украинада аялдарды мобилизациялоо сунушталууда
Украина Куралдуу күчтөрүнүн командири Юрий Береза "Киев 24" телеканалына берген маегинде 18 жаштан баштап аялдарды жана эркектерди мобилизациялоо зарыл экенин билдирди.
Анын айтымында, "абсолюттуу мобилизация" керек жана согуштан качып кеткендер Украина жарандыгына ээ болууга укугу жок. Бирок ал белгилегендей, 18 жаштагы мобилизацияланган жарандарды дароо фронтко жөнөтүү шарт эмес. Алар тылдык кызматтарда иштеши мүмкүн.
Буга чейин чет элдик басылмалар Украина чек ара кызматындагы маалыматтарга таянып, 2025-жылы Беларустун аймагына качууга аракет кылган украин эркектердин саны 2022–2024-жылдарга салыштырмалуу эки эсе өскөнүн кабарлаган.
Эскерте кетсек, Украинада 2022-жылдын 24-февралынан бери аскердик абал жарыяланган. 2022-жылдын 25-февралында өлкө президенти Владимир Зеленский жалпы мобилизация тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 18ден 60 жашка чейинки эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Бирок кечээ, 26-августта премьер-министр Юлия Свириденко 18ден 22 жашка чейинки эркектер үчүн бул чектөө алынарын жарыя кылган.
Мобилизация учурунда аскердик кызматтан качкандарга 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

