super.kg logo

Алайкуудагы мектептин жабылышы: Тийиштүү мекеме билдирүү таратты

 

Кечээ, 26-августта SUPER.KG порталына Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сай-Талаа айылынын тургундары кайрылышып, Сооронбай Жусуев атындагы орто мектептин жабылып жатканына нараазы экенин билдиришкен.

Айыл эли мектепте жалпы 120 окуучу, 23 мугалим жана 9 техкызматкер эмгектене турганын, Алайкуу бийик тоолуу аймакка киргендиктен, бир айылдан башка айылга барып окуп келүү аябай кооптуу жана алыс экенин айтышкан.

Ал эми Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тутуева Алмагүлгө байланышканыбызда, Сооронбай Жусуев орто мектебинин окуучулары Кебек Мамаев орто мектебине барып окуй турганын маалымдаган. Тутуева кошумчалагандай, Мамаев мектеби былтыр, ноябрь айында 275 орундуу болуп жаңы салынган.

"Эки мектептин аралыгы 800 метрди түзөт. Ал эми Жусуев мектебинде 100дүн тегерегинде окуучу окуйт. Бир класста 4 эле окуучу окуган класстары да бар. Бизде былтыр окуучулардын саны аз мектептерди оптимизациялоо боюнча буйрук чыккан. Бирок былтыр Мамаев мектебинин курулушу ноябрь айында бүткөнү үчүн мектепти жаба албай калганбыз",- деген Тутуева.

Анын айтымында, быйыл Агартуу миинстрлигинин өкүлдөрү Алайкууга келишип, жеринде көрүп кетишкен. Андан соң министрликтен буйрук чыгып, ошонун негизинде Сай-Талаа айылынын тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкууланган.

Бүгүн, 27-августта Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тутуева Алмагүл Сооронбай Жусуев атындагы орто мектеп жабылбай турганын билдирди. Тутуеванын айтымында, Агартуу министрлиги менен макулашылып, мектеп кайра өз ишин уланта турган болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: