Президент Барскоон-Бедел унаа жолун курууга старт берди (видео)
Бүгүн, 27-августта өлкө башчы Садыр Жапаров Барскоон – Бедел унаа жолун куруу иштерине старт берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анда мамлекет башчы аталган жолду куруунун маанилүүлүгүнө токтолгон.
"Байыркы доорлордо Жибек Жолу аркылуу соода-сатык эле эмес, маданият, илим-билим, көп-көп идеялар тарап келген. Кыргыз жергеси ошол байланыштын маанилүү бөлүгү болгон. Биз ошол тарыхый миссияны жаңы шартта улантып жатабыз. 2023-жылы Сиань шаарында өткөн Кытай – Борбор Азия саммитинде Кытайдын президенти Си Цзиньпин мырза менен жолугуп, "Бедел" долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашканбыз", - деди ал.
Президент унаа жолду куруу мамлекет тарабынан каржыланып жатканын билдирди.
"Барскоон – Бедел жолун өз күчүбүзгө таянып, өз каражатыбызга куруп жатканыбызды өзгөчө белгилеп кетейин. Бир дагы кредит алган жокпуз, карыз алган жокпуз. Өзүбүздүн күчүбүз менен куруп жатабыз. Мамлекетибиз өз беделине, экономикасына, мүмкүнчүлүгүнө таянып, мындан башка ири долбоорлорду ишке ашырып жатат. Мындай кадамдар – өлкөнүн күчтөнүп жаткандыгынын, өз тагдырын өзү чечүүгө багыт алгандыгынын айкын далили.
Долбоорду ишке ашырууда көптөгөн сүйлөшүүлөр жүрүп, ар кандай каржылоо механизмдери сунушталды.
Акыр аягында "Чайна роуд энд бридж корпорэйшн" (“China Road and Bridge Corporation”) компаниясы менен кызматташууга токтолдук. "Чайна Роуд" компаниясы жолду 2029-жылдын сентябрына чейин толук бүтүрүп, транспорт каражаттары үчүн кенен жүрө тургандай кылып магистралды ачып берет.
Калган иштерди 2030-жылдын сентябрына чейин толук аяктап, жолду расмий түрдө эксплуатацияга өткөрөт. Андан кийин да кепилдик мезгили каралган. Анын алкагында кандайдыр бир кемчиликтер чыккан учурда компания өздөрүнүн эсебинен оңдоо иштерин жүргүзөт...
Эми Бедел жолунун артыкчылыгы боюнча сандык маалыматтарга токтоло кетейин. Кытайдын Ак-Суу шаарынан Кыргызстанга болгон каттам бир тарапка 500 ашык чакырымга кыскарып, жүк ташуучулар үчүн, кеминде, 12 саат үнөмдөлөт. Эки тараптуу кыймылды эсептегенде айырма 1000 чакырымдан ашып, убакыт 24 саатка чейин кыскарат. Логистикада убакыт да, аралык да – эң башкы чечүүчү факторлордон экенин жакшы билесиздер. Кыргызстан бул жолдун курулушу аркылуу айкын артыкчылыктарга ээ болуп, жаңы шарттарды түзүүгө жетишебиз.
"Экономиканын кан тамыры – жол" деген накыл кепте айтылгандай, Бедел жолу өлкөбүздүн өнүгүүсүндө үч тарыхый бурулушту камсыздайт. Биринчиси, сырткы дүйнө – чет өлкөлөр менен байланыш бекемделет. Кыргызстан континенттеги жолдорду бириктирген тогуз жолдун тоомуна айланат. Кытайдан Жакынкы Чыгышка, Европага кеткен жолдордун маанилүү бөлүгү дал ушул биздин аймакта кесилишет.
Экинчиси, улуттук экономиканын өсүшү жогорку темпте сакталат. Дыйкандарыбыздын түшүмү чет элдин базарларына тез жетет. Кереметтүү Ысык-Көлгө туристтер түз келет, ата мекендик бизнестин жаңы рынокторго чыгуусуна жол ачылат.
Үчүнчүсү, биз курган бул маанилүү жол кийинки муундарга мурас катары калат. Бүгүн баштап-бүтүргөн ишибиздин үзүрүн эртеңки муун көрөт, андан кийинкилер анын мөмөсүн алат. Жылдар өткөн сайын жолдун маани-маңызы тереңдеп, мүмкүнчүлүктөрү өлкөбүздүн өнүгүшүнө кызмат кылат",- деди Садыр Жапаров.
27.08.25.

