super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин аппараты жыйынга чогулду

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу аппараттын жетекчилери жана фракциялардын катчылыктары менен жыйын өткөрдү. Иш-чарага төраганын орун басарлары да катышкандыгын басма сөз кызматы билдирди.

Төрага алдыдагы сессияга даярдыктар боюнча маалымат алып, парламенттин имараты жаңыланып, жыйындар залы толугу менен оңдолгонун белгиледи. Ошондой эле Түштүк Корея менен болгон келишимдин алкагында парламенттин иши санариптештирилип жатканын айтты.

Ал тармактык комитеттердин ролун күчөтүү зарылдыгын баса белгилеп, мыйзам долбоорлору чоң жыйында эмес, комитеттерде толук иштелиши керектигин эскертти.

Нурланбек Тургунбек уулу аппараттын кесипкөй иши парламенттин натыйжалуулугун түздөн-түз камсыз кыларын белгилеп, кызматкерлерди жоопкерчилик менен иштөөгө чакырды.

Жыйында мындан аркы иштердин планы да талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: