super.kg logo

Газада ачарчылыктан 300дөн ашуун адамдын каза болгону айтылды

 

Акыркы сутка ичинде Газа секторунда ачарчылыктан 10 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Расмий маалыматтарга ылайык, ачарчылыктан жалпы каза болгондордун саны 313кө жетти, алардын арасында 119 бала бар. Бийлик өкүлдөрү маалымдагандай, 2024-жылдын ичинде жалпысы 50 адам ачарчылыктан каза болгон, бирок акыркы айларда кырдаал кескин начарлап кеткен.

Өткөн аптада БУУ Газа секторундагы кырдаалды азык-түлүк коопсуздугунун бешинчи деңгээлине, тагыраагы, катастрофалык ачарчылык деңгээлине жетти деп баалаган. Уюмдун маалыматына караганда, июль айында калктын жарымына күн сайын тамак-аш жетишпейт.

БУУ билдиргендей, эгерде гуманитардык жардам убагында жеткирилсе, мындай оор кырдаалдын алдын алууга мүмкүн болмок.

Эске салсак, Израил март айында Газага гуманитардык жардам жеткирүүнү токтоткон жана аны жөнөкөй шартта кайра июль айынын аягында гана жанданткан.

Учурда Газа секторундагы гуманитардык абал өтө оор бойдон калууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: