Песков Кытайда Путин менен Алиевдин мүмкүн болуучу жолугушуусу тууралуу айтты
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль азыркы тапта президент Владимир Путиндин Кытайга боло турган сапарынын алкагындагы эки тараптуу жолугушуулардын графигин даярдап жатат. Бул жолугушуулар, анын ичинде ШКУ саммитинин алкагында өтө турган иш-чаралар Кытай тарап уюштурган программага ылайык пландалууда.
Кремлдин өкүлү бул сапарда Кытайдагы иш-чараларга чоң маани берилерин белгиледи.
Песковдун айтымында, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү тууралуу азырынча так айтуу кыйын, себеби жолугушуулардын жалпы тартиби түзүлө элек. Ал график толук калыптангандан кийин расмий маалымат берилерин убада кылды.
Белгилей кетсек, Владимир Путин менен Илхам Алиев өткөн жылдан бери расмий түрдө жолуга элек. Алардын жолугушуусу Кытайда өтүшү мүмкүн экени айтылууда. Муну Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун азербайжандык кесиптеши менен сүйлөшүүлөрү жана Орусия-Азербайжан өкмөттөр аралык комиссиясынын ийгиликтүү жыйыны ырастап турат.
Эске салсак, Азербайжан менен Орусиянын ортосундагы мамиле былтыр, 25-декабрда Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын Бакудан Грозныйга бараткан учагы Актау аэропортуна жакын жерде кулап түшкөндөн кийин солгундаган. Учактагы 67 кишинин 38и каза болуп, 29у аман калган. 28-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевге телефон чалып, болгон окуя үчүн кечирим сураган. Алиев өз кезегинде Орусиядан күнөөсүн моюнуна алып, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган.
Ал эми быйыл, июль айында Орусиянын Екатеринбург шаарында рейд болуп, азербайжандыктар массалык кармалган. Күч түзүмдөрүнүн бул операциясы адам өлүмү менен коштолгон. Азербайжан тынчсыздануусун билдирип, Бакудагы Орусиянын элчисине нота да берген. Ошондой эле Азербайжанда Орусия менен байланыштуу иш-чаралардын бардык түрү декабрга чейин токтотулган.

