super.kg logo
  Спорт  

Абдымомунов таэквондо GTF боюнча дүйнө чемпиондуга катышкан кураманы кабыл алды

 

Бүгүн, 27-августта Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов таэквондо GTF боюнча дүйнө чемпиондугуна катышып, жогорку натыйжаларга жетишкен Кыргызстандын курама командасын кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Айбек Абдымомунов спортчуларды жеңиши менен куттуктап, курама команданы даярдоого өзгөчө салым кошкон машыктыруучуларга ыраазычылык билдирди.

Ал кыргызстандык таэквондочулардын жетишкендиктери ар бир спортчунун жеке жеңиши гана эмес, өлкөдөгү спорттун өнүгүүсүнө жана Кыргызстандын эл аралык аброюн көтөрүүгө чоң салым экенин белгиледи.

Эске салсак, дүйнө чемпиондугуна 10-11 жаштагы, 12-14 жаштагы, 15-17 жаштагы жана 18 жаштан жогорку спортчулар катышкан.

Кыргызстандык спортчулар жогорку жыйынтыктарды көрсөттү:

Дүйнө чемпиондугу жана Биринчилик
• 7 алтын
• 12 күмүш
• 41 коло
Жалпы: 60 медаль

Дүйнө чемпиондугунун алкагындагы түстүү курлар фестивалы
• 42 алтын
• 21 күмүш
• 15 коло
Жалпы: 78 медаль

Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы жалпы 138 медалга ээ болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: