super.kg logo

Орусиядагы кыргыз дарыгери: "Бул жакта ийгиликке жеткен мекендештер аябай көп" (видео)

 

Кыргызстандан чыккан ар бир иштин майын чыгара билген кесипкөй инсандарыбыз көп эмеспи. Бул жолку каарманыбыз Москва шаарындагы жеке клиникалардын биринде 15 жылдан бери дарыгер-психиатр, хирург, терапевт болуп эмгектенип келген Нурлис Токебаев болду. Мекендешибиз жумушу боюнча кыскача маалымат берди. Ал Орусияда жүргөн мекендештерге колунан келген жардамын берип турарын айтат. Токебаев билдиргендей, кыргызстандык дарыгерлер биригип мекендештерге ар ай сайын бекер медициналык кароо өткөрүп турушат.

Ошондой эле, ал Кыргызстандан Орусияга барып ийгиликке жеткен мекендештер көп экендигин белгилеп, өлкөнү сагынганда шаардын четине барып, көк бөрү ойноп турарын кеп кылды.

"Мекендешибиз "Манас" ат майданын ачкан, кыргыздар өлкөнү сагынганда баарыбыз топтолуп барып, оюн ойноп турабыз",- деди ал.

Буга удаа 2020-жылы пандемия убагында өлкөдө дарыгерлер жетишпей жатканда Орусиядан кыргызстандык дарыгерлер келишип, жардам көрсөткөнүн айтып берди. Айтымында, ошол кезде ал нөөмөттө турган убакта Чубак ажы Жалилов ооруканага түшкөн. Ал эки сааттан кийин каза болуп калган.

Ал кыргызстандык режиссёрлор пандемия, Чубак ажы боюнча тасма тартууну жакын арада пландап жатканын белгиледи. Мындан улам дарыгерге кайрылып сценарий жазышууга жардам берүүнү өтүнүшкөн.

Мындан тышкары, дарыгер Орусиядагы жашоо, документтер тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жашоо жакшы, бирок кыйынчылыксыз болбойт. Ар бир жаран ийгиликке жетиши үчүн талыкпай эмгектениши керек экендигин билдирип, Кыргызстандын өнүгүп жатканын көрүп суктанып, "бир күнү өлкөбүзгө кайтабыз" деп маекти жыйынтыктады.






Москва каарман

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: