Камчыбек Ташиев: “Балдарыбыз патриот болуп тарбиялансын” (видео)
Бүгүн, 27-августта Жалал-Абад облусунун Барпы айылында мамлекеттик туу илинген 35 метр бийиктиктеги флагшток тургузулду. Ага УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышкандыгын анын жардамчысы билдирди.Атайын кызматтын башчысы бул жерди көрүп келечек муундун өкүлдөрүндө патриоттук сезим ойгонсун деген оюн билдирди.
"Бүгүн дагы бир чоң мамлекеттик туубузду көтөрөлү деген ойдо турабыз. Мамлекетибиздин туусу желбиреп турсун. Ар дайым балдарыбыз, кийинки муундарыбыз, кыздарыбыз патриот болуп тарбиялансын. Элин, жерин сүйгөн балдар болуп тарбиялансын деген максатта көтөрүп жатабыз. Окуучулар мектепке бара жатып биздин желегибиз деп сыймыктана турган болсун", - деди Ташиев.
Андан соң аксакалдар батасын берип, мамлекеттик желек көтөрүлдү.
27.08.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















