Кылмыштын жаңы беренеси менен 19 жаштагы жигит кармалды



Бишкекте банктык картасын башка адамга берген жигит жаңы мыйзамдын негизинде кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 209-1-беренеси (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) менен биринчи кылмыш иши козголгон.
Милицияга бир жаран арыз менен кайрылган. Ал банктардын биринин ичинде адамдар ишенимине киришип, USDT криптовалютасын сатуу шылтоосу менен анын 850 миң сомун алып алышкан. Тагыраагы, арыз ээси QR-код аркылуу аталган сумманы абоненттик телефон номурларынын бирине туташкан эсепке которгон. Ал банк эсеби 19 жаштагы жигиттин атына катталганы аныкталган.
Жигит болсо өзүнүн банктык картасын сый акыга белгисиз адамга берген. Жигит кармалып, ага карата электрондук көзөмөл түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Учурда тергөө иштери уланууда.
