ӨКМ башчысы өспүрүмдү сактап калган куткаруучуларды сыйлады (видео)
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 7–8 жаштагы баланы аман алып калышкан куткаруучуларга ыраазычылык билдирип, медаль тапшырды.
Мекеме билдиргендей, окуя ушул жылдын 29-июлунда катталган. Анда Ош шаарынын Көкүм бий көчөсүн аралап өткөн каналдан агып бараткан баланы куткаруучулар байкап калышкан.
ӨКМдин Суучулдар кызматында билим алып, учурда “Жанат Resort Ош” эс алуу жайында иштеп жаткан куткаруучулар баланы каналдан алып чыгып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, андан соң “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.
Белгилей кетсек, Суучулдар кызматы 400дөн ашуун суудан куткарууга кызыккан жаштарды окутуп, аларга тастыктама берип келишет. Алар тастыктама менен каалаган суу бассейндерде, көлмөлөрдө иштей алышат.
Быйылкы жылдын өзүндө эле ушундай билим алган куткаруучулар 40тан ашык адамдын өмүрүн сактап калышкан.
28.08.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:03
2025-08-28

17:44
2025-08-28

16:16
2025-08-28
14:32
2025-08-28

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.