Орусия Киевге ири чабуул жасады
Украинанын борбору Киев Орусиянын катуу аба чабуулдарына кабылды. Шаар бийлиги билдиргендей, кол салууда кеминде 3 киши каза болуп, 9 киши жаракат алган. Курман болгондордун арасында бир бала бар экени айтылды.
Француз маалымат агенттиги AFP түн бою күчтүү жарылуулар Киевде болуп, асманга түтүн көтөрүлүп турганын маалымдашты. Кеминде бир ракета абадан коргонуу системи тарабынан атып түшүрүлгөнү байкалган.
Киев шаарынын мэри Виталий Кличко "борборго ири чабуул уланууда" деп билдирип, абадан коргонуу күчтөрү иштеп жатканын айтты. Ошондой эле ал шаар тургундарын баш калкалоочу жайларда болууга чакырды.
AFP агенттигинин маалыматына ылайык, болжол менен 100дөй киши түндү метродо өткөрдү.
Куткаруу кызматтары Дарницкий, Днепровский жана Шевченковский райондорунда иштеп жатканы, айрым турак үйлөр жабыркаганы кабарланды.
Акыркы жумаларда АКШ президенти Дональд Трамптын орус жана украин лидерлери менен сүйлөшүүлөрү согушту токтотууда олуттуу жылыш алып келген жок.
Кремль Украина лидери Владимир Зеленскийдин Владимир Путин менен бетме-бет жолугушуу сунушуна жооп берген жок жана күн сайын жаңы шарттарды коюуда.
