Эми Кыргызстанда такси айдоочулары менен курьерлерден автоматтык түрдө салык алына баштайт
1-сентябрдан баштап Кыргызстанда такси жана жеткирүү кызматтары салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн аткаруучулардын кирешесинен кармай башташат. Мындай талап Салык кодексине киргизилген түзөтүүлөрдө бекитилген. Жаңы норма буйрутманы кабыл алган бардык такси айдоочулары, курьер жана жүк ташуучулардын маалымат системдерине тийиштүү.
Эксперттердин айтымында, мындай аракет секторду көмүскөдөн алып чыгып, кызматка тартылган аткаруучуларды социалдык жактан коргоп, бюджетти толуктоону камсыздамакчы. Аны негизинде Кыргызстан сервистин жумуш менен камсыз болушун жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк тенденцияга интеграцияланууда.
Эмне өзгөрдү?
Каралып жаткан өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 201-беренесине киргизилген. Түзөтүүдө мындай деп айтылат:
“Салык агентинин маалымат системасын колдонуу менен салык агентине таандык болгон, бирок аны менен эмгек мамилесинде турбаган жүргүнчү менен жүк ташууга, такси жана курьер кызматына буйрутма алып ишмердүүлүк кылган жеке жактын кирешеси, салык агентинин киреше салыгын төлөөдө милдеттемелерге алып келет”.
Буга чейин айдоочулар жана курьерлер– көбүнчө патент аркылуу иштеп, кээде гана жеке ишкер катары салыкты өздөрү төлөп келишкен. Бул тармакта иштегендердин көбүндө пенсиялык төгүмдөр топтолбой келген. Жада калса көбү ишке катталбастан эле, эч нерсе төлөбөй иштеп келген.
Эми айдоочу жана курьерлер патент сатып алып, декларация тапшыруусу кажет эмес. Салыктык милдеттенмелер маалыматтык системаларга жүктөлөт. Алар бюджетке жана соцфондго акча которуп, салыктар боюнча отчет берип турат. Кызмат ар бир төлөмдөн киреше салыгынын 1% жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 1% кармап калат.
“Бул түзөтүүдөгү эң чоң плюс, салык базасын көбөйтөт. Бүгүнкү күндө таксисттер менен курьерлердин саны арбын экени эч кимге жашыруун эмес, бул тармак кадрлардын көп келип кетиши жана кызматтын кеңири жайылуусу менен белгилүү. Кээ бирөөлөр үчүн бул туруктуу киреше, кээ бирөөлөр үчүн толук эмес жумуш: студенттер убактысы болгондо курьер болуп иштешет, мамлекеттик кызматкерлер болсо дем алыш күндөрү гана чыгышат. Алардын ар бири киреше салыгын төлөп жатканын көрүп туруу тажрыйба жүзүндө мүмкүн эмес.
Мамлекет маалымат системасын салык агент катары аныктап эң туура чечим кабыл алды. Бул кызматтар кимге кандай киреше төлөнөрүн жана бул төлөмдөрдөн кандай салык чегерилиши керектигин так жазуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул ыңгайлуу жана эң туура», - дейт Салык консультанттары палатасынын төрайымы Татьяна Ким.
Эл аралык жолдо бара жатабыз
Кыргызстандын салык башкаруусунда болуп жаткан өзгөрүүлөр - бул эл аралык тенденция болуп саналат. Ата мекендик мыйзам чыгаруучулар прогрессивдүү экономикасы бар өлкөлөрдүн салык мыйзамдарынын жумушчу инструменттерин жана позитивдүү тажрыйбасын кабыл алышууда. Өткөн жылы Евробиримдик тарабынан 28 млн. ашуун аткаруучудан турган, сервистик иш менен камсыздоонун Пакети кабыл алынган. Uber Eats жана Glovo сыяктуу системалар эми салык кармап калууга милдеттүү. Ушундай эле принцип менен Сингапурдагы жана башка көптөгөн өлкөлөрдөгү агрегаторлор иштеп жатышат.
Белгилей кетсек, айдоочулар менен курьерлер үчүн ушуга окшош ички салык системасы коңшу Казакстанда былтыртан бери иштеп жатат.
“Албетте, биз биринчи эмеспиз. Бул жалпы дүйнөлүк тенденция. Анткени, акылга сыярлык жана логикалык мындан башка жол жок. Мындай жол менен биз сервистин өзүн, жеткирүү кызматтарын жана бул системага кошулган такси компанияларын, ошондой эле таксисттердин же курьерлердин өздөрүн салык тобокелдигинен бошотуп жатабыз", - деп белгиледи Татьяна Ким.
Кыргызстан үчүн маалымат системаларынын арасына салык агенттерин киргизүү бир эле учурда тез өнүгүп жаткан секторду мыйзамдаштыруунун жана миңдеген адамдардын социалдык жактан коргоолушун күчөтүүнүн жолу болуп саналат. Бүгүнкү күндө Яндекс Go, inDrive жана Glovo сыяктуу сервистер айына жүз миңдеген буйрутмаларды аткарышат. Ар бир сапардан бир аз салык алуунун өзү эле бюджетке миллиондогон кирешелерди алып келиши мүмкүн. Жаңы процедура төлөмдөрдү чогултууну автоматтык түрдө ишке ашырат. Мамлекет үчүн бул жөнөкөйлөштүрүлгөн башкаруу жана контролдук чыгымдардын кыскарышы болсо, бизнес үчүн – бирдиктүү ачык-айкын эрежелер, жарандар үчүн – корголгон жана укуктук статус болуп эсептелет. Эгерде модель мүчүлүштүксүз иштеп кетсе, аны санариптик экономиканын башка сегменттерине – маркетплейстен фрилансерге жана турак жайды ижарага берүүгө чейин жайылтууга болот.
кошулду



