Былтыр Наговицынанын Жеңиш чокусуна чыгуусуна тыюу салынганы айтылды
Орусиялык альпинист Наталья Наговицынага 2024-жылы Жеңиш чокусуна чыгууга даярдыгы жетишсиз деген негизде уруксат берилген эмес. Бул тууралуу беларус альпинисти Артем Ценцевицкий орус басылмаларына билдирди.
"Биз Наговицына менен башка альпинисттерге жараша ылдамдыкта кыймылдай алса, анда көтөрүлүүнү улантабыз деп макулдашканбыз. Эгер ал биздин ылдамдыкты кармай албаса, анда ал коопсуз жерде, каалаган убакта буруу мүмкүн болгон жерде кайра төмөн түшүүгө аргасыз болот дегенбиз",- деди альпинист.
Ценцевицкийдин айтымында, Наговицынанын башка альпинисттердин темпин кармап кала албагандыктан, ал ага чокуга чыгууга тыюу салып, коопсуз жерде аны кайра төмөн түшүргөн. Ошол эле учурда ал альпинисттин даярдык деңгээлин баалоо өтө кыйын экенин, бирок ошол учурда Натальянын даярдыгы жетишсиз деп эсептегенин кошумчалады.
"Жеңиш чокусуна өтө олуттуу даярдык керек жана даярдык күчтүү болушу шарт... Менин оюмча, ал учурда анын даярдыгы жетишсиз эле, ошондуктан мен аны кайра төмөн түшүрүүнү чечтим",- деди ал.
Андан тышкары, Ценцевицкий Жеңиш чокусунда аба-ырайы өтө кооптуу экенин, Коммунизм чокусуна салыштырмалуу кыйла кыйын шарттар бар экенин билдирди.
Эске салсак, 47 жаштагы Наталья Наговицына 12-августта Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып бутун сындырып алган. Ал 7 миң метрден жогорку бийиктикте, тамак-ашсыз жана жалгыз калган.
Куткаруучулар бир нече жолу жетүүгө аракет кылышкан, бирок 23-августта катаал аба ырайынан улам операция токтотулган.
26-августта Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Кыргызстандагы Жеңиш чокусунда жаракат алып, калып калган орусиялык альпинист Наталья Наговицынаны куткаруу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырган.
Буга чейин альпинисттин уулу Михаил Наговицын Тергөө комитетинин төрагасына, Башкы прокурорго жана Орусиянын ТИМине кайрылып, апасына жардам берүүнү суранган. Ал билдиргендей, апасы менен байланыш үзүлгөндөн кийин бир жума өткөндө, видео аркылуу анын тирүү экендиги, кол булгалап, дагы деле күчүн сактап жатканы көрүнгөн.
Кечээ, 27-августта Наталья Наговицынанын турун уюштурган "Ак-Сай Трэвел" туристтик компаниясы окуя боюнча билдирүү жасап, быйыл август айында Жеңиш чокусунда Борбордук Азия тарыхындагы эң татаал куткаруу операцияларынын бири жүргүзүлгөнүн билдирди.
Ошондой эле Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы орусиялык альпинист учураган өзгөчө кырдаалдагы кырсык боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп жатканын, чокуга чыгууну ишке ашырган туристтик компанияга да юридикалык баа бериле турганын маалымдады. Көп өтпөй Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети альпинистти издөө үчүн аскердик дрон учурулганын, тилекке каршы, алпинист калган жерден тирүүлүктүн белгилери табылбаганын айтты.
Ал эми Наталья Наговицынаны куткаруу операциясына болжол менен 100 миң долларга жакын каражат кетиши мүмкүн экенин Орусиянын альпинизм инструкторлорунун борбордук мектебинин мугалими жана куткаруучу Денис Киселев кабарлаганын орус басылмалары жазышты. Киселевдин түшүндүрмөсү боюнча, бир тик учакты колдонуу болжол менен 20 миң доллар турат. Мындан тышкары, буга чейин бир учак кырсыкка учураган.
"Ар бир мүнөт сайын чыгымдар көбөйүп жатат. Эгер азыркыга чейин сарпталган акча каражаттарды жана күчтөрдү, анын ичинде тик учактын зыяндарын эсептеп көрсөк, болжол менен 100 миң доллар чыгат",- деп билдирген адис.
