Москвадагы Жеңиш музейинде кыргыз сүрөтчүсүнүн эмгегин көрүүгө болот (фото)















Кыргызстандын журналисттери АНО "Евразия" "Узнай Россию" программасынын алкагында Москвадагы Жеңиш музейине барып келишти. Ал жакта "Жашоонун улуу жеңиши” аттуу эл аралык көргөзмөдө болушту.
Көргөзмөдө дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген сүрөтчүлөрдүн 150дөн ашык эмгектерин бириктирген жерин көрө алышты. Алар: Казакстан, Беларус, Молдова, Өзбекстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия жана башка өлкөлөр.
Көргөзмөнүн уюштуруучулары – "Евразия" АНО жана "Жеңиш 9.45" кыймылы. Долбоор фашисттик Германияны жеңүүнүн 80 жылдыгына арналып, тарыхый эстутумду сактоого, маданий диалогду өнүктүрүүгө жана элдердин достугун чыңдоого багытталган.
Көрсөтүлгөн эмгектердин арасында кыргыз сүрөтчүсү, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Таалайбек Усубалиевдин сүрөтү журналисттердин өзгөчө көңүлүн бурду. Анын сүрөтү Ленинград блокадасындагы жана согуштун оор сыноолорунун жаркын элесине арналган.
"Кыргызстандан келген сүрөттүн автору - Таалайбек Усубалиев. Бул сүрөт Ленинград блокадасындагы согуштун оор сыноолорунун жаркын элесине арналган. Сүрөттөн келечекти үмүт менен караган жаш балдарды көрүүгө болот. Алардын көздөрүнөн башынан өткөргөн кыйынчылыктардын оордугу, ачуусу сезилет",- дейт көргөзмөнүн волонтеру Анна Булбенко.
Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылынын тургуну Токтогон Алтыбасарова (Тоня апа) курчоодо калган Ленинграддан 150 жетим баланы тарбиялап өстүргөн. Сүрөттө дал ушул картина чагылдырылган.
Согуш жылдарында Ленинграддан эвакуацияланган 1,5 жаштан 12 жашка чейинки 150 балага эне болгон. Ал кезде ал өзү болгону 16 жашта болгон. Балдарды кыйынчылык менен баккан. Кошуналары жардам берип балдарга сүт, кымыз, кычкыл сыр, курут, жашылча-жемиштерди – кээде үйдөгү эң акыркы нерсесин да алып келишчү. Бул апа бир эле Кыргызстанда эмес, башка көптөгөн өлкөлөргө белгилүү болгон. Телевидениелер тартып, гезиттер жазып келишкен.
Балдар жергиликтүү колхоздун жатаканасында жашап, 10 жыл анын камкордугунда болушкан. Балдар аны эркелетип, "Тоня апа" деп аташкан. Кийин согуш бүтүп балдар тараган. Баккан балдары менен өмүр бою катташкан. Алар бири-бирине кат жазышып, 9-майда жолугуп турушкан. Ар бир чоңойткон баласы аны өз апасындай жакшы көрүшөт. Кийин турмушка чыккан. Жолдошу фронтчу Муса Абдиев болгон. Алар 8 баланы тарбиялап өстүргөн. Токтогон Алтыбасарова 2015-жылы 89 жашында каза болгон.



