super.kg logo

Бири-бирин помидор менен урушат... Испанияда La Tomatina фестивалы өттү (фото, видео)

 

Кечээ, 27-августта Испанияда "помидор менен урушуу" майрамы өттү. Жыл сайын август айынын акыркы шаршемби күнүндө Испанияда миңдеген адамдар бири-бирин помидор менен уруу үчүн чогулушат. Бул La Tomatina деп аталып, Испаниянын Валенсия провинциясындагы Буньоль шаарында өткөрүлөт. Шаарда болгону 9 миңдей адам жашайт. Бирок бул майрам үчүн миңдеген туристтер келип, помидор менен урушуу салтанатына катышышат.

Иш-чара эртең мененки саат 11де башталып, бир саатка созулат. Андан кийин шаар кызыл түско боёлуп, катышуучулар үчүн атайын концерттик программалар уюштурулат.

Испанияда буга чейин августтун аягында Буньоль шаарында шаардын колдоочусу Луис Бертран урматында майрам өткөрүлүп келген. Шаардын борбордук аянтында эл массалык түрдө чогулуп, диний жүрүштөр жана башка салтанаттарды уюштурушчу.

Бирок 1945-жылы,бул салттуу майрам учурунда жергиликтүү тургундар арасында чыр чыгып, мушташ башталган. Колдо курал болбогондуктан, эл жакын жердеги соода түйүндөрүнөн помидорлорду алып, бири-бирин помидор менен урушат.

Бул окуя элдин эсинде калып, кийинки жылы жаштар помидор менен аятта чогулушуп, атайын “уруш” уюштурушкан. Ушундан тарта майрам жыл сайын кайталанып, эл арасында популярдуу боло баштаган, бирок ошол кезде бул расмий эмес иш-чара болчу.

1950-жылдары Буньоль шаардык бийлиги бул майрамга расмий түрдө тыюу салып койгон. Бирок эл ага каршы чыгып, 1957-жылы кайрадан иш-чараны уюштурушат.

Андан кийин жергиликтүү бийлик өз көз карашын өзгөртүп, майрамды расмий түрдө калыбына келтирет. Убакыт өтүп, 1980-жылдардан тарта шаар бийлиги майрамды толук уюштурууга киришет. Коопсуздук эрежелери кабыл алынып, фестиваль үчүн атайын помидорлор фермерлерден сатып алынат.

Бүгүнкү күндө La Tomatina — региондун маданий мурасы деп таанылып, жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 20 000–30 000дей адамды чогултат. Бул майрамдын аркасында Испаниядагы помидорлор эми бир гана ашкана эмес, көңүл ачуучу курал катары да колдонула баштайт.

La Tomatina эртең менен эрте башталат. Бул күнү шаар толугу менен майрамга бөлөнүп, шаардын борбору транспорт үчүн жабылат, ал эми башкы аянт жана ага жакын көчөлөргө билети бар адамдар гана кире алышат. Катышуучулардын саны 20 000 адам менен чектелет, анткени Буньолдун тар көчөлөрү баарын батыра албайт.

Иш-чара баштала электе эле шаар майрамдык шаңга бөлөнөт: музыка жаңырып, көчөлөрдө бий, элдик жүрүштөр жана оюн-зооктор уюштурулат.

Саат 11:00дө сигнал үнү угулат, жана шаарга помидорго толгон чоң жүк ташуучу унаалар киргизилет. Айрым маалыматтарда бул майрам үчүн 150 тоннадай помидор колдонулат.

"Помидор" фестивалы учурунда коопсуздук эрежелери так сакталышы керек. Алсак, помидорду ыргытуунун алдында кол менен эзип алуу керек жана башкалардын кийимин жыртууга тыюу салынат. Фестивалдын жүрүшүндө полиция жана ыктыярчылар тартипти көзөмөлдөп турушат.

Саат 12:00дө экинчи сигнал угулат, бул помидор согушунун аяктаганын билдирет. Андан кийин катышуучулар убактылуу орнотулган жуунуучу жайларга барышат же жергиликтүү тургундар атайын катышуучуларга суу чачып турушат.






испания

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: