Ысык-Көлдө кыргыз-немис ишкерлер кеңешинин бизнес форуму болуп өттү (фото)







Чолпон-Ата шаарында "Кыргызстан жана Германия экономикасынын күндөрү" форматынын алкагында "Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү" аттуу кыргыз-немис бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, форумдун алкагында эки панелдик сессия өтүп, алардын бири "Өткөөл мезгилдеги экспорттук потенциал жана логистика: Ортоңку коридордун мүмкүнчүлүктөрү" темасына арналды. Бул сессияда министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев презентация жасап, глобалдык чакырыктарды эске алуу менен соода жолдорун жана логистикалык чечимдерди модернизациялоонун маанисин белгиледи.
Ошондой эле кыргыз-немис Ишкерлер кеңешинин IV жыйыны өтүп, ага эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Жыйында мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктун жана эл аралык компаниялардын катышуусу менен талкуулар жүрдү. Башкы темалар катары энергетика, айыл чарба, санариптик технологиялар, каржы жана логистика тармактарындагы өз ара кызматташтыкты өрчүтүү маселелери каралды.
Талкуулар эки тараптын өнөктөштүктү чыңдоого болгон жогорку кызыгуусун көрсөтүп, өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүүгө жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга багытталган практикалык чечимдерди биргелешип иштеп чыгууга даяр экендигин тастыктады.



