super.kg logo

Өлкөгө кызмат кылгандар үчүн байланыш: MEGA «Мамлекеттик» тарифин сунуштайт

 

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн утурлай MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору мамлекеттик кызматкерлер үчүн гана арналган жаңы уникалдуу тарифти ишке киргизет.

«Мамлекеттик» - мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, ошондой эле мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун кызматкерлери (анын ичинде мугалимдер, дарыгерлер, ИИМ, ӨКМ кызматкерлери жана аскер кызматкерлери) үчүн атайын тариф.

Бул тариф Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин колдоосу астында «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте иштелип чыккан.

Мекендин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылгандарга 30 күнгө болгону 250 сомго төмөнкүлөр жеткиликтүү:
• Мүмкүн болгон жогорку ылдамдыкта 40 ГБ интернет;
• Интернетти акысыз таратуу;
• Башка уюлдук операторлорго 20 мүнөт;
• MEGA тармагынын ичинде чектөөсүз чалуулар жана SMS;
• 50 телеканал.

Бир мамлекеттик кызматкер тарифти бир гана номерге кошо алат. Бул сунуш мамлекеттик органдардын кызматкерлерине ыңгайлуу байланыш шарттарын түзүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүүгө багытталган.

«Мамлекеттик» атайын тарифин MEGA24 колдонмосу аркылуу гана кошууга болот:
Тарифти кошуу үчүн «Тарифтер» бөлүмүндө «Мамлекеттик», андан кийин «Кошуу» баскычын басыңыз, система автоматтык түрдө онлайн система аркылуу мамлекеттик кызматчынын статусун текшерип, тарифти сиздин номериңизге кошот.

Тарифти кошкон учурдан тартып 30 күн аракетте болот жана эсепте жетиштүү сумма болгондо автоматтык түрдө узартылат.

MEGA абоненттерин сапаттуу жана жеткиликтүү мобилдик байланыш менен камсыздап, алардын муктаждыктарына багытталган инновациялык чечимдерди иштеп чыгууну улантат.

MEGA - ӨЗYБYЗДYН байланышты танда!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: