super.kg logo

Түштүк Кореяда класстарда уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды

 

Түштүк Корея парламенти 2026-жылдын март айынан тартып окуучулардын класстарда уюлдук телефон жана санариптик түзмөктөрдү колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, бул чечим жаштар арасында социалдык тармактарга көз карандылык тууралуу тынчсыздануу күчөгөндөн кийин кабыл алынды.

Изилдөөлөргө ылайык, өлкөдөгү орто жана жогорку класстардын окуучуларынын 37 пайызы социалдык медианын күнүмдүк жашоосуна таасир этерин, 22 пайызы болсо аккаунттарына кире албаганда тынчсыздануу сезерин билдиришкен.

"Балдарыбыздын социалдык медиага көз карандылыгы олуттуу деңгээлде. Ар бир таң көздөрү кызарган абалда келет, түнү менен инстаграмда отурушат",- деп мыйзамды колдошту.

Түштүк Корея бул кадамы менен санариптик чектөөлөрдү киргизген өлкөлөрдүн катарына кошулду.

Эске салсак, Австралия жакында өспүрүмдөр үчүн социалдык медиага чектөөлөрдү күчөттү. Нидерландда болсо телефонго болгон тыюу сабакка көңүл бурууну жакшыртканын көрсөткөн изилдөө жарыяланды.

Pew Research Center маалыматы боюнча, Түштүк Кореяда интернетти колдонуу көрсөткүчү 99 пайыз, ал эми смартфон ээлиги 98 пайызды түзөт. Бул дүйнөдөгү эң санарипке көз каранды коомдордун бири экенин көрсөтөт.

Жаңы мыйзамга ылайык, түзмөктөр майып окуучулар үчүн же окуу максатында гана колдонулушу мүмкүн. Бирок айрым жаштар уюмдары бул чечим балдардын адам укуктарын бузушу мүмкүн деп сынга алышууда.

2026-жылдын март айында күчүнө кире турган мыйзам менен Түштүк Корея мектептерде смартфон колдонууга чектөө койгон өлкөлөрдүн катарына кошулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: